Россияда мотоциклчен адам каза болду, жүк ташуучу унааны Кыргызстандык айдап бараткан
RU

Россияда мотоциклчен адам каза болду, жүк ташуучу унааны Кыргызстандык айдап бараткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рязань облусунда жолдо жүк ташуучу унаа менен кагышып, мотоцикл айдоочусу каза болду. Кырсык фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Жол кырсык М-5 "Урал" трассасында Путятинск районунда болгон. Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 40 жаштагы жергиликтүү тургун Сузуки мотоциклин айдап бара жатып, солго бурулганда жүк ташуучу унаага жол берген эмес. Кагылышуунун натыйжасында мотоцикл айдоочусу ошол жерден көз жумган, деп маалымдайт 62INFO.ru.

Жүк ташуучу унааны Кыргызстандын 29 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныкташууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2030