Балдар үйүндө өспүрүм каза болду. Божомол боюнча аёсуз ур-токмокко алынган
RU

Балдар үйүндө өспүрүм каза болду. Божомол боюнча аёсуз ур-токмокко алынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Балдар укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүмгө башка чоңураак өспүрүмдүн таяктоосу себеп болгон. "Кыязы, бул дедовщина болушу мүмкүн. Бирок бул эч жерде катталган эмес", - деди ал.

Анын айтымында, өспүрүм 1-июнь - Балдарды коргоо күнү өлтүрүлгөн. Бирок, окуя бүгүн гана белгилүү болуп жатат. Укук коргоочунун айтымында, 5-июнда Балдар укугун коргоочулардын лигасы Билим берүү министрлиги жана президенттик администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте бул балдар үйүндөгү жашоо шартына көз салышкан эле. Директор өспүрүмдүн өлтүрүлгөндүгү тууралуу ооз ачкан эмес.

"Ушундай эле окуя жакында эле Беловодский шаарындагы психоневрологиялык интернатта болгон. Бала тарбиячылардын ур-токмогунан улам чарчап калган. Директор аликүнчө сот жообуна тартыла элек. Мамлекеттик органдардын кош көңүлдүгүнүн баасын - балдардын өмүрү менен төлөп жатабыз",- деп эскерди Турдубекова.

Маркумдун улуу агасы болгон. Алардын энеси ата-энелик укуктан ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2039