УКМКнын төрагасы: биз жакында Жогорку Кеңештин депутатын камакка алдык
RU

УКМКнын төрагасы: биз жакында Жогорку Кеңештин депутатын камакка алдык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференция учурунда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, жакында атайын кызмат Жогорку Кеңештеги депутаттардын бирин кармады. Айтып бергиси келген эмес, бирок ачыктоого аргасыз болуп турганын, Ташиев кошумчалады.

Депутат мындан 8 жыл мурун чоң кылмышка барган, эми мамлекетке ири суммадагы акча төлөп берүүгө милдеттендирилди.

"Биз ага шарт койдук, ири суммадагы акчаны мамлекетке кайтарып бересиң, деп. Ал жарым акчасын төлөдү", - деди Камчыбек Ташиев. Бирок, Жогорку Кеңештин кайсы депутаты жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктоодон баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/203