Хорватияда үйлөр 14 сомдон сатылууда
RU

Хорватияда үйлөр 14 сомдон сатылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калктын кетишинен жабыркаган Хорватиянын түндүгүндөгү чакан шаар бош үйлөрдү ит бекер сатууда. Ушундай жол менен бийлик жаңы жашоочуларды өзүнө тартууга аракет кылып жатат, деп билдирет Reuters.

Хорватиянын Лехрад шаарынын бийлиги 19 бош үйдү жана кароосуз калган имараттарды бир имаратын бир кунага (14 сом) барабар баада сатуу үчүн койду. Объекттердин абалы башкача. Айрым үйлөрдүн жарымы кыйрап, эшик-терезеси жок.

Шаардык мэрия тарабынан коюлган критерийлерге жооп берген адамдар гана үй сатып ала алышат. Алар 40 жашка чейинки төлөөгө жөндөмдүү жана шаарда кеминде 15 жыл жашоого даяр болушу керек.

Талаптарга жана мүлктүн кейиштүү абалына карабастан, 17 объект сатылып бүттү.

Шаардын муниципалитети сатып алуучуларга керектүү ремонт иштери үчүн 25 миң куна (300 миң сомдон ашык) төлөй тургандыгын жана шаар жеке менчиктен үй сатып алууну каалаган жаңы жашоочуларга анын 20 пайызын төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Наркы - болжол менен 35 миң куна (болжол менен 480 миң сом).

Шаардын мэри Иван Саболич бул мүмкүнчулүктөн пайдаланып калууну каалагандар көп болгондугун, анын ичинде башка өлкөнүн дагы жарандары бар экендигин айтты.

"Айрым маалымат каражаттары биздин акция жөнүндө кабарлагандан кийин, бизге Россия, Украина, Түркия, Аргентина же Колумбия сыяктуу өтө алыскы жерлерден үйлөрдү сатып алуу өтүнүчтөрү келип түштү", - деди ал.

Жогорку суроо-талапка карабастан, негизинен Хорватиянын жарандары кыймылсыз мүлктүн жаңы ээлери болуп калышты, себеби өлкөдө миграция өтө татаал процедура.

Лехрад, экинчи чоң калктуу конуш, 20-кылымда Австрия-Венгрия кыйрагандан кийин суюлуп баштаган, анткени жаңы чек аралар аны өлкөнүн четинде калтырган.

"Биз чек ара шаарына айландык, башка жерлер менен транспорттук байланышы аз. Ошондон бери калк акырындап азайып баратат", - деди Иван Саболич.

Азыр шаарда 2250ге жакын адам жашайт. Бул 70 жыл мурункунун жарымына барабар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2040