Үрөй учурган кырсыктан үч адам каза болду. Сүрөт жана видео
RU

Үрөй учурган кырсыктан үч адам каза болду. Сүрөт жана видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-июнда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында, Ош облусунун Ноокат районунда, эки унаанын - Хонда Фит жана Дэу Матиздин катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын натыйжасында үч адам (бир аял, бир эркек жана бала) каза болуп, эки эркек оор жаракат алышты (аты-жөндөрү такталууда). Ноокат райондук No71 милиция бөлүмүнөн окуя болгон жерге үч куткаруучу дароо жөнөп кетишти, алар каза болгондорду унаадан алып чыгып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жабырлануучулар тез жардам кызматы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2047