УКМК: Төрөбай Зулпукаров жасалма диплому менен колдонуп жүргөн
RU

УКМК: Төрөбай Зулпукаров жасалма диплому менен колдонуп жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети мурунку спикер, КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жасалма дипломун колдонуп келгендигин аныктады.

УКМКнын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 1998-жылы Зулпукаров Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых фактультетинен контрагын төлөбөгөндүктөн окуудан чыгарылган. Кийин, Ош мамлекеттик университетинен экинчи жогорку билимин алуу үчүн жасалма диплом колдонгон. Андан кийин ошол эле диплому менен парламенттин депутаты болгон, деп ведомоство билдирди.

Ж.Баласагын атындагы КУУ берген жоопко ылйык, Зулпукаров университеттин бүтүрүүчүлөр тизмесинде жок, жасалма дипломдо көрсөтүлгөн номер боюнча башка жаранга диплом берилген.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2052