Камчыбек Ташиев неберелүү болду
RU

Камчыбек Ташиев неберелүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев неберелүү болду. Бул тууралуу Instagram баракчасына келини Эркайым Абдуллаева билдирди.

Ташиевдин уулу Тай-Мурастын келинчеги жаңы төрөлгөн ымыркайы менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жарыялап: "Кош келиптирсиң, кызым", - деп жазган. Белгилүү болгондой, наристе 12-июнда, саат 16:01де жарык дүйнөгө келген. Салмагы 3,2 кг.

Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин Тай-Мурас деген уулу модель Эркайым Абдуллаевага 2019-жылдын күз айларында үйлөнгөн. Алардын тун уулу өткөн жылдын январында төрөлгөн болчу. Жакында төрөлгөн кыз жуптун экинчи чүрпөсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2062