Новосибирскийде завправка жарылды
RU

Новосибирскийде завправка жарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 14-июнь күнү кечинде, Новосибирскийдеги Гусинобродкое шосседеги Май куюучу жайда май куюлган резевруарлар жарылып, чоң өрт чыкты. Азыркы учурда 26 адам жарадар болгону белгилүү. Анын ичинен алтоо реанимацияда, деп РИА новости малымат берди.

Окуя болгон учурдагы видеокадрлар менен күбө болгондор бөлүшүп, интернетке чыгарып жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, өрттү 25 техника бирдигин колдонуп 90 киши өчүрүп жатты. Новосибирск облусунун өрт өчүрүү башкармалыгынын жетекчиси Дмитрий Ярцевдин айтымында, өрттүн айынан газ ташуучу бир унаа жана жерге көмүлгөн газ резервуар талкаланды.

Алдын ала айтылган версия боюнча газ куючу станцияда өрт чыгуунун себептеринин бири газовозду "заземление" кылышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2071