Автокырсыкка кабылган кыз койлордон этият болгула деп кеңеш берди. (Видео)
RU

Автокырсыкка кабылган кыз койлордон этият болгула деп кеңеш берди. (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Короче" телеграм каналында "Койдун айынан кырсыкка туш болду" деген видео чыккан. Анда Лена аттуу кыз талкаланган унаанын арткы орундугуна отуруп алып, сок ичип жатат. Бардыгы жайындабы, деген суроого жылмайып, ооба бардыгы жакшы, жабыркагандарды ооруканага алып кетишти. "Бардыгыңарга кеңеш: жолдон койлорду көрсөңөр жөн эле күтө тургула. Өзүңөргө жана жакындарыңарга сак болгула", - деп шайыр жооп кайтарып, кеңеш берди. Бирок бул чынында позитив эмес.

Реаниматолог дарыгерлерге комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда, кээде шок абалында адам өзүн ушундй алып жүрүшу мүмкүн, деп жооп беришти. Анткени анын жүрүм-туруму болуп жаткан кырдаалга дал келишпейт. "Шок абалы ар кандай өңүттө болот, кимдир бирөө күлүп өзүн сооротот, башкалар реалдуулуктан чыгып прострацияга түшүп калат. Ар кимдин реакциясы ар башка болот", - деп адистер айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2075