Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталды. Бул расмий билдирүү
RU

Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталды. Бул расмий билдирүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу 15-июнда, брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

"Пандемия башталгандан бери инфекциянын жайылуусунун эки толкуну белгиленген: 2020-жылдын июль жана октябрь айларында. Бүгүнкү күдө, тилекке каршы, үчүнчү толкундун башталганы байкалууда", - деди ал.

Рахматуллаевдин айтмында, акыркы жети күндө оору жугузуунун көрсөткүчү - 1,3 деңгээлине жетти.

"Эсиңерде болсо, коронавирустун Кыргызстанда катталган алгачкы учуру, 2020-жылдын 18-мартында катталган. Жыл бою эки толкуну байкалып, анын туу чокусу июль айына туш келген. Ал кезде бир күндө оору жугузгандардын саны 1 600гө жеткен болчу. Экинчи толкуну октябрь айынан ноябрга чейин жүрдү. Ал кезде ооругандардын саны 606 адамга жеткен", - деп министрдин орун басары эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2076