Ош облустук прокуратурасы 26 млн. сомдон ашуун объектини кайтарды
RU

Ош облустук прокуратурасы 26 млн. сомдон ашуун объектини кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 1999-жылы "Весна" жайкы кинотеатры жер тилкеси менен кошо "А.Т." жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзамсыз сатылгандыгын Ош облустук прокуратурасы аныктаган. Мындай маалыматты Генералдык прокуратуранын басма-сөз кызматы таркатты.

Билдирүүгө ылайык, 2008-жылы аталган кинотеатрдын 332,29 чарчы метр жерине 1647,71 чарчы метр жер тилкеси негизсиз кошулуп, жалпы 1980 чарчы метрди түзгөн жер аянтына мыйзамсыз жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.

Текшерүүдө аныкталгандай, базар баасы 26 млн. 057 миң сомду түзгөн бул объектинин менчик ээлери бир-нече жолу сатып-алуу келишимдеринин негизинде алмашылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан сотко доо арыз даярдалып, анда кинотеатрды менчике чыгаруу жөнүндөгү кабыл алынган чечим, буйрук жана ортодо жүргүзүлгөн бир-нече жолку келишимдерди жокко чыгаруу демилгеленген.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, менчикке чыгарылган бардык иш кагаздар жокко чыгарылды.

Учурда, Ош облустук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жайкы кинотеатрын жер тилкеси менен кошо мамлекеттин менчигине өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ишти алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/207