Бийлик Балыкчы - Барскоон унаа жолун курууну пландап жатат
RU

Бийлик Балыкчы - Барскоон унаа жолун курууну пландап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек жамааты менен сүйлөшүү учурунда, өлкөнүн Транспорт жана коммуникация министрлигине, "Кумтөр Голд Компани" менен биргеликте, Балыкчы-Барскоон унаа жолун куруу маселеси боюнча иш алып барууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жолду куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда; ушул жылдын күз айына чейин жолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз айларында улантуу пландаштырылууда.

Президент учурдагы унаа жолу эгемендүүлүк жылдарында оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле кубаттуулугу төмөн экендигин белгиледи. Садыр Жапаров ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү региондун экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде туризм тармагын өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берерин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2080