УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси кармалды
RU

УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Генрих Балян алдамчылык фактысы боюнча камакка алынды. Бул тууралуу УКМК малымдады.

Белгилүү болгондой, УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды алуу фактысы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө ири насыя алыш үчүн, 670 000 АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгон.

Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда Генрих Балян ушул кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2096