Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт
RU

Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө

иш-чаралары уланып жатат. Мындай маалыматты ИИМдин басма соз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары республиканын бардык аймагында жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000 кызматкери тартылган.

Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт, деп ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2097