Президентин аппарат башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды
RU

Президентин аппарат башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин экс-орун басары Алмамбет Салиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Алмамбет Салиев Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын жылдырган, укук коргоо жана

мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен деген айыптоолор айтылды.

Ошондой эле, Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесине сатып ала албай турган мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар, Салиев ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында айыпталуучунун бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 16-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесини 3-бөлүмү (Мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2116