Адвокаттар арыздангандан кийин Бабановдун үй-бүлөсү менен жолугушуусуна уруксат берилди
RU

Адвокаттар арыздангандан кийин Бабановдун үй-бүлөсү менен жолугушуусуна уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Бабановго жубайы жана уулу менен УКМКнын СИЗОсунун имаратында жолугушууга уруксат берилет. Буга чейин Бабановдун үй-бүлөсү менен жолугушуусуна тыюу салган тергөөчү А.Женбаев адвокаттар сотко арыздангандан кийин өз чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Бабановдун адвокаттары билдиришти.

Бүгүн саат 14:00дө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Туратбек Бекенов адвокат Анатолий Хегайдын Өмүбек Бабановду жубайы жана уулу менен жолуктуруудан мыйзамсыз баш тарткан тергөөчү А.Женбаевдин чечимине каршы арызын карамак. Бирок тергөөчү адвокат менен байланышып, чечимдин өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдады.

Өмүрбек Бабанов кармалгандан бери акыркы 17 күндүн ичинде жубайы Рита Бирбаева жана уулу Нуремир Бабанов менен жолугушууга уруксат берилбей келген. УКМКнын ага тергөөчүсү А.Женбаев өзүнүн расмий чечиминде "тергөөнүн кызыкчылыгында Өмүрбек Бабановго, анын адвокатынан тышкары башка тараптар менен жолугушуусуна уруксаат берүү ылайыксыз. Жактоочунун Бабановдун жакындары менен жолугушуусуна уруксаат берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылат" деп жазган.

14-июнда адвокаттар тергөөчүнүн жолугушууга уруксаат бербей койгон токтомуна каршы сотко кайрылышкан, анда бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, бул мыйзам бузууну жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилген. Сот 17 июндун саат 14:00унда бул арызды карамак.

Эскерте кетсек, 31-майда УКМКнын тергөөчүсү Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка алып, чакырылган маалда келип туруу милдеттемесин алган. Бирок, тергөөгө катышпаган башка тергөөчү – УКМКнын мекеме аралык тергөө тобунун жетекчиси Өмүрбек Бабановду кармоо тууралуу протоколу менен келип, аны эки суткага камакка алган. 2-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чынгыз Бердимуратов коомчулуктан жана массалык маалымат каражаттарынан жабык соттук жыйын өткөрүп, Бабановду УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарган. Өмүрбек Бабанов бул соттук териштирүүнү адилетсиз жана абсурд деп атап, атайын катында тергөөчүнүн жана судьянын мыйзамсыз аракеттерин тизмектеп берген. Бир катар саясатчылар, юрист, эксперттер Бабановдун камакка алынышы мыйзамсыз деп баа берип, ал эми 3 миңден ашык кыргызстандык анын камактан бошотулушун талап кылып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2119