"Сүрөткө түшкөнү келдиңби?" Нарындык эже Саламаттыкты сактоо министрин урушту (видео)
RU

"Сүрөткө түшкөнү келдиңби?" Нарындык эже Саламаттыкты сактоо министрин урушту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарындык эже Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди урушту. Окуянын видеосу социалдык тармакка таркап кеткен.

"Бул жака сүрөткө түшкөнү келдиңби? Этика деген барбы? Уят деген болуш керек да! Силерге сүрөт эле керекпи?" - деп видеодогу аял нааразы болот.

.

Министр анын сөзүн жайдары гана угуп турду.

Көргөндөрдүн айтымында, видео кечээ, 17-июнда, Нарында жаңы инфекциялык оорукананы ачуу аземинде болгон. Иш чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, министрлер кабинетинин орун басары Жылдыз Бакашева, Нарындын жаңы мэри Самарбек Болотбеков, облус жетекчилиги жана башка министрлер катышкан.

Видеодогу аял эч кандай суроо берген эмес, жана министрге кайрылган эмес. Бирок чиновниктер сүрөткө түшөйүн деп жатканда эмнегедир ачуусу келди.

Ошол жерде жүргөндөр нааразы болгон аял менен айтыша кетишти. Бир аздан кийин бардыгы тарашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2129