ИИМдин аскер бөлүгүндөгү суицид: аскер прокуратурасы дедовщина орун алганын текшерет
RU

ИИМдин аскер бөлүгүндөгү суицид: аскер прокуратурасы дедовщина орун алганын текшерет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскер прокуратурасы ИИМдин аскер бөлүгүндө орун алган суицид боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, ИИМдин аскер бөлүгүндөгү 22-жашар жоокердин өзүнө-өзү кол салгандыгы тууралуу 21-декабрда белгилүү болгон.

Генпрокуратура билдиргендей Ички Иштер Министрлигинин ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер Адилбек уулу Бексултан өз жанын кыйган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Каза тапкан жоокердин денеси жана окуя болгон жер текшерилип, соттук-медициналык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. Жоокердин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн аны менен бирге кызмат өтөгөндөр жана аскер бөлүктүн кызматкерлери сурак берип жатышат.

Ошондой эле уставга ылайык келбеген аскер кызматкерлердин арасындагы мамилелер туурасындагы версяилар, анын ичинде жоокер Адилбек уулунун туугандары массалык маалымат каражаттарына берген жүйөлөрү текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/212