Дастан Жумабеков спортзалдагы тамашалуу видеого тартылды
RU

Дастан Жумабеков спортзалдагы тамашалуу видеого тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамашоучу Чынгыз Султанов менен Актан Рыскелдиев Жогорку Кеңеште эки депутаттын мушташа кете жаздаган чырга окшотуп тамашалуу ролик тартышкан. Роликке Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Джумабеков да тартылган.

Сценарий боюнча эки жигит спортзалда бир тренажердун айынан уруша кетишет. Бири экинчисине "Эй" деп кайрылып, экөөнүн мушташына аз эле калат. Ошол учурда Дастан Жумабеков алардын жанына басып келип:

"Эй жигиттер, болду, токтоткула", - деп айтат.

"Сиз "эй" дей бериңиз, сизге бары жакшы", - деп жигиттер уялып, кетип калышат.

Эске салсак, 17-июнда комитеттин жыйынында Нурбек Мурашев менен Акыл Кемелов мушташып кете жаздашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2134