Айгүл Жапарова, Зироат Мирзиёева жана башкалар. КМШнын канайымдары эмне кылышат(видео)
RU

Айгүл Жапарова, Зироат Мирзиёева жана башкалар. КМШнын канайымдары эмне кылышат(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым президенттин жубайы гана эмес, көз карандысыз коомдук ишмер. Ал жолдошунун коштоосунда расмий иш-чараларга гана катышпастан, коомдук иш-чаралар, кайрымдуулук менен алектенип, социалдык-маданий тенденцияларга, кээде саясий агымдарга таасир этиши мүмкүн. Ырас, ар кайсы өлкөлөрдө жарандардын биринчи үй-бүлөгө болгон мамилесине жараша, президенттин аялдарынын ролу жана ишмердүүлүгү ар башка.

Kaktus.media КМШ өлкөлөрүнүн биринчи айымдары эмне менен алектенип жатканына көз чаптырды.

Азербайжан - Мехрибан Алиева

Мехрибан Алиева 57 жашта. Ал Азербайжандын эң таасирдүү айымы. Билими боюнча офтальмолог, бирок кесиби боюнча бир нече жыл гана иштеген.

Мехрибан Азербайжан Гимнастика Федерациясынын президенти, Гейдар Алиев Фондусун жетектеген, ЮНЕСКОнун, БУУнун жана Ислам Кызматташтык Уюмунун ак ниет элчиси болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал бул милдеттерди ийгиликтүү аркалап келгенин жазышууда. Эл аралык спорт уюмдарынын Азербайжанга болгон кызыгуусу, 2005-жылы Бакуда өткөн көркөм гимнастика боюнча Дүйнө чемпионаты жана республикада башка маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу анын таасири менен байланыштуу.

Алгач Азербайжандын коомчулугунда, андан кийин саясий турмушунда анын жигердүүлүгү жолдошу Ильхом Алиевдин позициясын бекемдөө менен бирге өскөн. 2003-жылдан бери үч жолу депутат болуп, 2017-жылы жолдошу аны вице-президент кылып дайындаган. Адистер муну нео-монархиянын башталышы деп аташкан.

Мехрибандын чет өлкөдөгү атактуулугу жолдошунан кем эмес. Ал өзүн биринчи кезекте президенттин жубайы эмес, Азербайжандын коомдук жана саясий ишмери катары таанытат.

Сырткы көрүнүшү жана кынтыксыз стили үчүн Кавказ ханышасы жана дүйнөдөгү эң сулуу биринчи айымдардын бири деп аталып келет.

Армения - Нуне Саркисян

Армен Саркисян 2018-жылы Армениянын президенти болгон. Армения парламенттик өлкө, ошондуктан президент өлкөнүн саясий турмушунда экинчи орунда турат. Анын жубайы Нуне негизинен маданий долбоорлор менен алектенет.

Билими боюнча ал искусство таануучу. Лондон университетинин Голдсмитс Колледжин искусство чебери даражасында аяктаган. Лондондогу Sotheby's маданият институтунда искусство тарыхын окуп, андан кийин Вестминстер колледжинин көркөм өнөр бөлүмүндө билим алган. Байыркы кол жазмалар илимий изилдөө институтунда иштеген. Ал Армениянын музыкасы жана маданияты боюнча балдарга арналган китептерди, макалаларды жана эсселерди жазат, көргөзмөлөрдү, концерттерди өткөрөт. Аны чет өлкөлөрдө маданий иш-чараларга көп чакырышат. Ал ЮНИСЕФтин балдарынын укугун коргоочу.

Беларуссия - биринчи айым эч жерде көрүнбөйт

Беларуссияда биринчи айым жок. Президент Александр Лукашенко 1975-жылдан бери Галина Лукашенко (турмушка чыкканга чейин Желнерович) менен баш кошкон, бирок алар узак убакыттан бери өзүнчө жашашат.

Галина Лукашенко пиардан алыс, ал президенттин жанында көрүнбөйт. Могилевдо бала бакчада, андан кийин саламаттыкты сактоо тармагында тарбиячы болуп иштегени белгилүү. Алардын уулдары - Виктор жана Дмитрий коомдук жана саясий иштер менен алектенишет.

Казахстан

Казакстанда дагы биринчи айым жок. Касым-Жомарт Токаев Надежда Давыдовна Токаевага үйлөнгөн, бирок алар эбак ажырашып кетишкен. Айрым маалыматтарга караганда, ал Москвада жашайт.

Кыргызстан - Айгүл Жапарова

Биринчи айымдын аты-жөнү Айгүл Асанбаева, бирок жолдошунун фамилиясы менен көбүрөөк белгилүү - Жапарова. Ал медициналык окуу жайында, андан кийин Арабаев атындагы КМУда окуган. Интервьюсунда өзүн үй-бүлөсүнө арнагандыгын, ошондуктан карьера жасабагандыгын айткан жайы бар. Садыр Жапаров президент болуп шайланганга чейин ал жөнүндө дээрлик эч нерсе белгилүү эмес болчу жана анын бардык коомдук иштери күйөөсүн колдогон митингдерде чыгып сүйлөө менен гана чектелип келген.

Молдовада аял президент

2020-жылдын декабрь айында Молдованын тарыхында биринчи жолу Майя Санду аттуу айым президент болду. Санду коштоодон баш тартып, инаугурацияга жөө келген. Эл аралык аренада прогрессивдүү лидер катары таанымал. Майя Санду турмушка чыккан эмес.

Россияда биринчи айым жок

2013-жылы Владимир менен Людмила Путин ажырашып, биринчи айымдын орду бош калган.

Тажикстан - Азизмо Асадуллаева

Тажик президентинин жубайы Азизмо Асадуллаева жөнүндө дээрлик эч нерсе белгисиз: ал коноктордо сейрек кездешет жана эч убакта жолдошун сапарларда коштоп жүрбөйт. Жергиликтүү маалымат каражаттары эч нерсе жазбагандыгына караганда, биринчи айым өлкөнүн коомдук турмушунда активдүү эмес жана президенттин аялы тууралуу башка эч нерсе белгисиз.

Түркмөнстан - биринчи айым жөнүндө аз эле маалымат бар

Түркмөнстанда иш жүзүндө биринчи айым жок. Айрым маалыматтарга караганда, анын аты Огулгерек, бирок так маалымат жок. Кээ бир маалыматтар боюнча, ал бир нече жылдан бери Түркмөнстандан тышкары, болжол менен Лондондо жашап келет. Башка маалыматтарга караганда, ал дагы эле Түркмөнстанда, бирок жабык жашоо образын жүргүзөт.

Өзбекстан - Зироат Мирзиёева

Ал кесиби боюнча инженер-экономист, бирок дистиги боюнча иштеген эмес, үй кожойкеси. Расмий иш-чараларда жубайын коштоп жүрөт, маданий долбоорлорду колдойт. Аялдар менен балдарды колдогон "Замин" фондусунун башчысы.

Украина - Елена Зеленская

Елена Зеленская - көз карандысыз фигура. Ал долбоорлордун "үнү", ошондуктан аны мамлекеттик органдар гана эмес, өкмөттүк эмес жана жеке структуралар дагы өз тарабына тартууга аракет кылышат. Көп учурда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы ар кандай билдирүүлөрдү жасайт, аялдардын жана балдардын укуктарын активдүү жактап келет. Мектеп окуучуларынын тамак-ашын, майыптардын укуктарын жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу багытында иштейт.

Елена Зеленская Украинанын эң таасирдүү аялдарынын бири деп эсептелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2142