Шашылыш! Катуу шамал Бишкекке жакындап келатат
RU

Шашылыш! Катуу шамал Бишкекке жакындап келатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жакынкы саатта жана түнкүсүн Бишкекте туруксуз аба ырайы күтүлүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Кырсыктардан жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн Бишкек мэриясы автоунаа айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону сунуштайт.

Урматтуу жарандар! Катуу шамал болгондо этият болуңуздарды өтүнөбүз. Өзүңузгө сак болуңуз!

Эгерде сиз бак-дарактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз, анда биз менен: 1840, 1850 телефон номерлери боюнча байланышыңыз. Фото жана видео фактылар үчүн Бишкек шаардык мэриясынын WhatsApp каналы иштеп жатат: 0554 182 185.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2151