Уурулук учуру камерага түшүп калган: жабырлануучулар милиция иштебей жатат деп жатышат
RU

Уурулук учуру камерага түшүп калган: жабырлануучулар милиция иштебей жатат деп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Call борборго окурман билдирүү жөнөткөн.

"Панфилов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде жайгашкан кийим дүкөнүндө менин уюлдук телефонумду уурдап кетишкен. Ушул учур видеокамерага түшүп калган. Дүкөнгө бир эркек киши менен аял киши кирген. Бирөөсү менин көңүлүмдү алаксыта баштаганда, эркек киши эки жагын карап, бир маалда жеке буюмдарым жаткан столго барып, менин уюлдук телефонумду уурдап кетти.

Ал эми түн ичинде белгисиз адамдар дүкөндүн эшигин талкалап кирүүгө аракет кылышкан. Милиция кызматкерлери эч нерсе жасабай жатышат ", - деди окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2160