Балыкчынын кире беришиндеги жол кырсык: трактор оодарылып, автобустан тамтык жок
RU

Балыкчынын кире беришиндеги жол кырсык: трактор оодарылып, автобустан тамтык жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 19-июнда Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунда кичи автобус менен трактордун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күбө билдирди.

Маалым болгондой, кырсык Балыкчыга кире электе болгон. Бусик кандайдыр бир жол менен тракторго урунуп, айыл чарба техникалары катуу соккудан улам оодарылып, кичи автобус жолдун четине чыгып калган.

Азырынча жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. Ысык-Көл облусунун Жол кайгуул кызматы бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2163