Россиялык миллиардер Александр Лебедев Кумтөргө барды (видео)
RU

Россиялык миллиардер Александр Лебедев Кумтөргө барды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөр алтын кенинне россиялык миллиардер Александр Лебедев баш багып кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Лебедев Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна болгон сапарынан бир нече пост жарыялап, бирөөсүнө, анын 90 жаштагы апасы Садыр Жапаровдун "Кумтөр" алтын кени боюнча иш аракетин колдоп жаткандыгын билдирген.

Андан тышкары, алтын кенди 25 жылдан бери иштетүүдөн түшкөн пайда $12 млрд болгонун жана кыргыз тарап анын жүз миллионун гана алганын жазган.

"Кумтөр голд компани" компаниясы жана Экология жана климат мамлекеттик комитети Kaktus.media'га Лебедевдин сапары боюнча комментарий бере элек, бирок "Азаттык" мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманова менен сүйлөшүшкөн экен.

"Биз мөңгүлөрдүн абалын көрсөттүк. Мурда кандай болгонун жана азыркы көрүнүшүн. Бизде мөңгүлөрдүн абалы боюнча архивдик сүрөттөр бар. Аларды документалдык далил катары көрсөттүм. Андан тышкары мамлекеттик комиссиянын отчетторун көрсөттүм. Ал өзү бардыгын тартып алды, биз да видеого тарттык", - деп басылма Кутманованын сөзүн келтирди.

Александр Лебедев деген ким?

Россиялык бизнесмен, коомдук жана саясий ишмер. "Национальная резервная корпорация" ЖАКтын төрагасы, Госдуманын депутаты болгон. Британиялык Independent онлайн басылмасынын жана London Live телеканалынын ээси.

Forbes версиясы боюнча Россиянын эң бай адамдарынын катарына кирет. 2016-жылы анын материалдык абалы $400 млн деп бааланган.

Ачык булактарда Лебедевдин Кыргызстанда бизнес жасоого кызыгуусун тастыктоочу маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2181