Мирбек Атабеков экинчи жолу COVID-19 болуп ооруду
RU

Мирбек Атабеков экинчи жолу COVID-19 болуп ооруду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу ырчы Мирбек Атабеков кайрадан COVID-19ду жугузуп алган. Эске салсак, ал өткөн жылы да ооруган болчу.

"Достор, вирус байкатпай келет экен. 10 күн өтүп, эми гана жакшы боло баштадым. Ушул мезгил аралыкта барбай калган маараке ээлеринен чын дилимен кечирим сурайм. Мен тараптан бул жалгыз гана туура чечим болду окшойт. Жакындарыңарга сак болгула достор, анан албетте, катардагы коопсуздук эрежелерин сактагыла", - деп ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

"Экинчи жолу коронавирусту жугузуп алган учурлар абдан көп катталып жатат. Мен бул жөнүндө айткам", - деп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшанелиев Kaktus.media редакциясына комментарий берди. Анын айтымында экинчи жолу жугузганда оорунун өтүшү организмдин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнөн, иммунитеттен, жаш курактан жана жалпы ден соолуктун абалынан көз каранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2184