"Жолдошум эл үчүн иштеген". Рита Бабанова соттун чечимине комментарий берди (видео)
RU

"Жолдошум эл үчүн иштеген". Рита Бабанова соттун чечимине комментарий берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рита Бабанова соттун чечимине нааразы. Анын айтымында, Өмүрбек Бабанов ар дайым Кыргызстан үчүн эмгектенип келген. Бабановдун айыбы эл таанып, унутпагандыгында.

"Эгер бийлик Бабановдон коркпосо, сот залына адилеттүүлүктү издеп келген ЖМКны жана жөнөкөй жарандарды киргизмек", - деди Рита Бабанова.

Рита Бабанованын пикири боюнча, күйөөсү жерин эхлине кайтарган жана жөнөкөй жарандарга микрокредитти берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берген жалгыз премьер.

Эскерте кетсек, 31-майда УКМКнын тергөөчүсү Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка алып, чакырылган маалда келип туруу милдеттемесин алган. Бирок, тергөөгө катышпаган башка тергөөчү – УКМКнын мекеме аралык тергөө тобунун жетекчиси Өмүрбек Бабановду кармоо тууралуу протоколу менен келип, аны эки суткага камакка алган. 2-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чынгыз Бердимуратов коомчулуктан жана массалык маалымат каражаттарынан жабык соттук жыйын өткөрүп, Бабановду УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарган. Өмүрбек Бабанов бул соттук териштирүүнү адилетсиз жана абсурд деп атап, атайын катында тергөөчүнүн жана судьянын мыйзамсыз аракеттерин тизмектеп берген. Бир катар саясатчылар, юрист, эксперттер Бабановдун камакка алынышы мыйзамсыз деп баа берип, ал эми 3 миңден ашык кыргызстандык анын камактан бошотулушун талап кылып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2187