Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунда калтырылды
RU

Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунда калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаардык соту Өмүрбек Бабановдун адвокатынын жазага тартуу чарасын өзгөртүү боюнча даттануусун карап жатат.

Сот өтүп жаткан залга Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жеенчороев, Кенжебек Бокоев, Аккулу Бердиев, Акылбек Кемеловду жана экс-депутат Максат Сабировду киргизбей коюшту.

Бабановдун адвокаттары судьядан алардын жакталуучусун кое берүүнү суранышкан.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген сот Өмүрбек Бабановдун адвокатынын арыздануусун канааттандыруусуз калтырууну чечти. Кыскасы, Өмүрбек Бабанов СИЗОдо калат.

Эскерте кетсек, 31-майда УКМКнын тергөөчүсү Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка алып, чакырылган маалда келип туруу милдеттемесин алган. Бирок, тергөөгө катышпаган башка тергөөчү – УКМКнын мекеме аралык тергөө тобунун жетекчиси Өмүрбек Бабановду кармоо тууралуу протоколу менен келип, аны эки суткага камакка алган. 2-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чынгыз Бердимуратов коомчулуктан жана массалык маалымат каражаттарынан жабык соттук жыйын өткөрүп, Бабановду УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарган. Өмүрбек Бабанов бул соттук териштирүүнү адилетсиз жана абсурд деп атап, атайын катында тергөөчүнүн жана судьянын мыйзамсыз аракеттерин тизмектеп берген. Бир катар саясатчылар, юрист, эксперттер Бабановдун камакка алынышы мыйзамсыз деп баа берип, ал эми 3 миңден ашык кыргызстандык анын камактан бошотулушун талап кылып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2188