Улукбек Марипов орун басарлары менен жумушчу кеңешме өткөрдү
RU

Улукбек Марипов орун басарлары менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарлары менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Ал ошондой эле тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2196