УКМК төрагасынын мурунку орун басары Дүйшөнбек Чоткараев үй камагына чыгарылды
RU

УКМК төрагасынын мурунку орун басары Дүйшөнбек Чоткараев үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК төрагасынын мурунку орун басары Дүйшөнбек Чоткараевди үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соттун тергөөчү судьясы УКМК төрагасынын мурунку орун басары Чоткараевге карата жазага тартуу чарасын өзгөртүп, ден соолугунун абалына байланыштуу үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, тергөө Чоткараевди 22 кг алтынды контрабанда менен чыгарып кетүү иши боюнча айыпталуучу катары камакка алган.

Чоткараев 2020-жылдын 27-ноябрында кармалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2200