Президент Антикоррупциялык кызматты ликвидация кыла тургандыгын тастыктады
RU

Президент Антикоррупциялык кызматты ликвидация кыла тургандыгын тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын антикоррупциялык кызматы жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулугу менен жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин бизнес иштерине кийлигишүүсү минималдуу болот.

Атайын мыйзамдар иштелип чыгып, бизнести колдоо үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Президент буга чейин эффективдүүлүгу төмөн болгондуктан финполиция жоюлганын эскертип, жакын арада УКМКнын Антикоррупциялык кызматы ликвидациялана тургандыгын билдирди.

"Жакынкы күндөрү антикоррупциялык кызмат жоюлат. Ал үчүн тиешелүу документтердин бардыгы даярдалып жатат", - деп президент белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2201