Президенттин бизнес менен жолугушуусу учурунда Алмамбет Шыкмаматов өзүн жаман сезди
RU

Президенттин бизнес менен жолугушуусу учурунда Алмамбет Шыкмаматов өзүн жаман сезди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Инвестицияларды коргоо жана жылдыруу министри Алмамбет Шыкмаматов доклады менен чыккан болчу. Ал өкмөт бизнес үчүн кандай шарттарды түзүп берип жаткандыгын айтып, министрлик бизнесмендерге сунуштаган долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Сүйлөп жатып, өзүн жаман сезген Шыкмаматов бир аз тыныгуу алды. Бир аздан кийин сөзүн токтотуп, жардамчысын улантууну чакырды.

"Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, урматтуу бизнес өкүлдөрү. Уруксат берсеңер, мен сөзүмдү Нурлан Ариповго өткөрүп берейин. Мен неме болуп атам... Уруксатпы?", - деп суранды.

Докладды андан ары Арипов улантып, Шыкмаматов сахнаданн түшүп кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2202