Кытайлыктар вакцинация жөнүндө сонун жарнама тартышкан. Ролииктин башкы каарманы мышык
RU

Кытайлыктар вакцинация жөнүндө сонун жарнама тартышкан. Ролииктин башкы каарманы мышык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайлырктардын Bilibili видеосервиси вакцинацияны эң мыкты жарнамалаган ролик тартышкан: анда коронавируска каршы вакцина кандайча иштей тургандыгы жеткиликтүү формада түшүндүрүлөт. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы жазган.

Мультипликациялык роликте мышык эмдөө алат. Организмге түшкөн жасалма вирус антителорлорду чыныгы вирусту тааныганды, ага каршылык көрсөтүүнү үйрөтөт. Бирок өзү каармандык менен каза болот.

Баш каарман мышык ковидди жугузган пандага жолукканда анын антителолору чакырылбаган мейман -вирусту дароо таанып, ага ийгиликтүү каршылык көрсөтүшөт. Мультфильм кыска, жөнөкөй жана абдан жагымдуу тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2205