Милициянын старшинасы таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду
RU

Милициянын старшинасы таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу ИИМдин кузөт кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

2021-жылдын 16-июнунан 20-июнуна чейин Өзбекистандын Хива шаарында болуп өткөн "Таяк тартыш" боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальондун милиционери, милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан 3-орунду багындырды.

Эске салсак, милициянын старшинасы Эржан "Таяк тартыш" боюнча Бишкек шаарынын 90 кг салмактагылар арасында чемпион, 125 кг салмактагылар арасында коло медалдын ээси.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилик курамы Эржан мырза менен сыймыктанаарын айтышып, дагы көптөгөн ийгиликтериди багындыруусун каалашты, деп редакцияга келип түшкөн билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2206