Бийлик Өмүрбек Бабановду оппозицияга түртүп жатат. Саясатчылардын пикири
RU

Бийлик Өмүрбек Бабановду оппозицияга түртүп жатат. Саясатчылардын пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Бабановду УКМКнын СИЗОсунда кармоо мөөнөтүнүн создуктурулганы анын жүздөгөн тарапташтарынын Бишкек шаардык соттон УКМКнын СИЗОсуна чейийн барып, адилеттүүлүктү талап кылган митингге алып келди.

Депутат Дастан Бекшев - Өмүрбек Бабановго жаза чарасын өзгөртүү боюнча ходатайствого кол койгон 74 депутаттын бири. Парламентарийлер тергөө менен соттун ишти адилеттүү карап, ар тараптуу иликтенишине шарт түзүлүүсүн суранышты. Өмүрбек Бабановду кысымга албай туруп, анын күнөөсү жоктугун далилдөөгө жана "Кумтөр" маселесине тийиштиги жоктугун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.

Бекешев болуп жаткан окуяларга таң калып жатканын жашырган жок. Тергөө жана сот экс-премьер министрди жөн эле УКМКнын СИЗОсунда кармоого акысы жоктугун баса белгиледи.

"Мен көп ирет айткам, азыр да кайталап кетейин тергөө коюлуп жаткан доону конкреттүу түрдө айтууга милдеттүү. Болуп жаткан окуялар, жакшы эмес", - деди депутат.

Саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири боюнча, негиздүү айыптоосу жок туруп, Бабановду жөн эле кармай берген кооптуу. Анын эл арасындагы абройун эске ала турган болсок, бул сот иши экономикалык тегиздиктен саясий тегиздикке оңой эле өтүп кетиши мүмкүн.

"Бишкекте экс-премьерди колдоп өткөн митингдер Бабанов оппозициялык саясатчы катары кабыл алына баштаганын көрсөтүп турат. Бирок, менин оюм боюнча, Бабанов ар дайым саясий тең салмакты сактап так ортодо жүрөт. Ал эч качан бийликтин радикалдуу оппонети болгон эмес жана саясий оор басырыктуу көз карашты карманчу.

Азыр жалпысынан, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы оор. Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында мындай учур боло элек. Өкмөттүн коронавируска каршы жүргүзүп жаткан иши да көңүл жылытаарлык эмес. Биз Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Кубатбек Бороновдун каталарынын кайаланышына күбө болуп жатабыз. Бул факторлордун бардыгы саясий градустун жогорулашына таасир этет. Ошондуктан, буга чейин Бабановдун саясий көз карашына макул болбогондор да каршылык акцияларына чыгып, жалпысынан эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга, болуп жаткан окуяларга макул эместигин көрсөтүп жатышат.

Ошол эле учурда Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен жок жана анын кетпей турганы анык. Сот системасынын иш аракеттери кайсы логикага негизделип жатканы такыр түшүнүксүз.

Коомдук резонанс болбой турган жерде ызы-чуу жаратуу жүрүп жаткандай сезилет", - дейт саясий серепчи.

Исхак Масалиевдин ою боюнча Бабановго каршы иш башынан эле саясатташкан.

"Мен мурункудай эле мунун артында силер жана мен билбей турган башка себеп жатат деген пикирдемин. Ансыз Бабановго байланыштуу чыр эмнеден келип жатканын түшүнбөй турам. "Кумтөрдү" ала турган болсок, бул долбоорго байланышкан процесстерге тиешеси эң эле аз саясатчы Бабанов болсо керек. Көпчүлүк билген оң учурларын эске албаганда. Ал эч кандай макулдашууларга кол койгон эмес, ал эми "Ала-Тоо Финанста" факт жүзүндө такыр башка адамдар иштеген, ал болгону агенттикти ачуу токтомуна кол койгон", - деп Масалиев эскертти.

Масалиевдин ою боюнча Бабановдун тегерегиндеги ажиотаж атайы жасалып жаткан болушу мүмкүн.

"Балким, Ак үйдөгү кайсыдыр бир "стратег" нааразы болгондорду, оппозицияны кызытып, каршылык башталгандан кийин бардыгын камап салууну мыкты чечим деп ойлоп жатат окшойт. Бардыгынын оозун тыябы? Ооба, мындай көрүнүш тарыхта миң ирет кайталанган, нааразы болгондорду күч колдонуп тыйышкан. Анын аягы кандай боло турганын кайра эле ошол тарыхка кайрылып билсек болот", - деп Исхак Масалиев белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2207