Министр Кыргызстанга QazVac вакцинасы келет деп айткан. Казакстан бул маалыматты төгүндөдү
RU

Министр Кыргызстанга QazVac вакцинасы келет деп айткан. Казакстан бул маалыматты төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media'га берген маалыматында өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы 50 миң доза өлчөмүндө алынып келинет, деп билдирген.

Бирок, Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов казакстандык вакцина август айынан тартып гана ири өлчөмдө өндүрүлө баштайт, ошондуктан башка өлкөлөргө вакцинаны сатуу маселеси жакынкы аралыкта каралбайт деп билдирген. Анын айткандарын Turantimes.kz басылмасы жазып чыккан.

Вице-премьердин айтымында, учурда QazVac ай сайын 100 миң доза өлчөмүндө өндүрүлүп жатат. "Июнь айында 100 миң доза өндүрүлөт, июль айында да кайра эле 100 миң доза болот. Август айынан тарта, конкреттүу айта турган болсом, 30-августка 600 миң доза өндүрүү пландалган. Анан сентябрь айынан баштап ушундай өлчөмдө өндүрүлөт. Бул маселеле биздин көзөмөлүбүздө", - деди ал.

Тугжанов өлкөдө казакстандык вакцинанын тартыштыгы жоктугун баса белгиледи. Учурда QazVac'тын 30 миң дозасы сакталуу.

"Ооба, азыркы күндө жеткирип берүүнү суранган өлкөлөр бар. Бирок, биз биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарыбызды вакцина менен камсыздашыбыз керек. Ошондуктан учурда, июнь, июль жана август айына чейин башка өлкөлөргө жеткирип берүү тууралуу маселе турган жок. Кыргызстан, ооба, кайрылуу болгон. Кечээ көрдүк. Бирок, биздин өндүрүу көлөмүбүз 600 миң дозага жеткенде... сентябрь айында QazVac 1 млнго чукул болот, ошондо бул маселени кайрадан көтөрүп чыгып карасак болот", - деп казакстандык вакцинанын башка өлкөлөргө жеткирип берүу пландары тууралуу Тугжанов маалымат берди.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой башка өлкөлөрдөн казакстандык вакцинаны алуу тууралуу суроо-талаптар түшкөндүгүн, жана бардык кайрылуулар каралып жаткандыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2217