Бул сырбы? ИИМ башкы имараттын ремонтуна ким акча бөлүп бергенин жашырып жатат
RU

Бул сырбы? ИИМ башкы имараттын ремонтуна ким акча бөлүп бергенин жашырып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин имараты оңдолуп-түзөлүп, Ала-Тоо аянтына "бүтүндөй архитектуралык ансамблди бузуп, көркүн кетирген, кызыктай" жаңы пункт салынды. Бирок, ведомоство бул иштер кайсы демөөрчүнүн эсебинен жасалганын жашырып, айткан жок. Бул тууралуу Наталья Никитенко өзүнүн социалдык баракчасына жазган.

Ведомоствонун жетекчилеринин айтымында, оңдоп--түзөө иштери демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлдү. "Мен ИИМге кат жөнөтүп, ошол демөөрчүлөр кимдер экенин атап берүүнү сурандым . Эмне үчүн менин пикирим боюнча бул маанилүү?

Биринчиден, күч органдары табышмактуу демөөрчүлөрдөн эч нерсе алууга акысы жок, деген ойдомун. Аскер, милиция, коопсуздук - бул мамлекттик ишмердүүлүктүн өзгөчө тармагы. Каалаган демөөрчү келип, акчасын берип, эртең кайра акчамды кайтар десечи", - деди депутат.

Экинчиден, мага жөн гана кызык болуп жатат, ушундай оор, кризистик кырдаалда ири суммадагы акчаны бөлүп берүүгө даяр болгон киши ким экен?

Үчүнчүдөн, мага кызык болгону, боорукер демөөрчүлөрдүн тизмеси, кылмыш иши козголгон саясатчылар менен дал келишет болду бекен? Ошондо бул мамлекеттик деңгээлдеги рэкет болуп калабы?

"Тилекке каршы, министрликтин суроомо жообу андан бетер көп суроо жаратты. Ремонт бүттү, ал эми аттар аталган жок. Эмнеге?", - деп Никитенко там берүүдө.

ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков катка жооп берип, башкы имараттын жана территориалдык бөлүмдүн оңдоо иштери жыйынтыктала элек, жасалып жаткан иштер бүткөндөн кийин кабыл алуу актысы түзүлүп, демөөрчүлүк жардам боюнча толук маалымат берилет, деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2219