Күйөөсү аялын сабап, жерге көмүп салган. Кошуналары келип, аны аман алып калышты
RU

Күйөөсү аялын сабап, жерге көмүп салган. Кошуналары келип, аны аман алып калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун тургуну аялын сабап, жерге көмүп салууга аракет кылган. Соттун чечими Жогорку соттун сайтына жайгаштырылган.

Каармантардын аттары өзгөртүлгөн

Эмил мас болуп, келинчеги Аселди кызганып сабаган. Андан кийин сарайга сүйрөп барып, алдын ала даярдап койгон көргө таштап, тирүүлөй көмө баштаган. Ызы-чууга келген кошуналары Аселди аман алып калышты.

Сот отурумунда Эмил өз күнөөсүн мойнуна алды. Ал 2020-жылдын декабрь айында Россиядан келгенин, ал жерде узак убакытка чейин иштеп жүргөнүн айтып берди. Ал акыркы кезде аялы өзгөрүп, ага мурункудай көңүл бурбай калганын байкап, аялы анын көзүнө чөп салды деп шекший баштаган. Аялын сабап, аны жерге көмүп өлтүрүү аракетин көргөнүн чанган жок. Сот залында жасаган ишине өкүнүп жатканын билдирген.

Асел Эмил экөөнүн ортосунда беш баласы бар экендигин айтты. Алар элдешип, анын күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин билдирип, ага карата кылмыш ишин токтотууну суранган.

Алардын кошунасы берген көрсөтмөгө ылайык, Эмилдин уулу баласы анын үйүнө чуркап келип, атасы апасын уруп жатканын айтып, жардам сураган. Кошунасы дароо чуркап келип, башка айылдаштар болуп Эмилди тынчтандырып, Аселди көрдөн чыгарганын айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2220