Бул фотосессия эмес. Милиция кызматкерлери суу постторун катуу көзөмөлгө алууда
RU

Бул фотосессия эмес. Милиция кызматкерлери суу постторун катуу көзөмөлгө алууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылы 23-24-июндун караган түнү Москва районунун Чоң Чүй каналы боюнча жайгашкан жалпы 22 гидропост, шлюздар текшерилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Текшерүү учурунда Москва районунун Чоң Чүй Каналына 16.5 куб суу келип, анын ичинен агып кеткен суу (утечка) 1,3 куб түзөөрү, андан тышкары гидропост Р-19-3 текшерүү учурунда шлюз ачык калып, болжол менен 200-250 литр суу агып жатканы аныкталган.

Москва районунун мурапы Ш. Тантыкеев шлюзду жаппаганын мойнуна алып, жаптырды. Кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча талап коюлду.

Ошондой эле, гидропост Р-20-1 шлюз авариялык абалда экенидги аныкталып, суу толук жабылбай калгандыктан агып кеткен суунун көлөмү 159 литр болуп жатканы билинди.

Москва РИИБнин жетекчилиги тарабынан Чоң Чүй каналынын өтө көйгөйлүү 7 постуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматкерлер күзөт жүргүзүү үчүн коюлган. Республика боюнча милиция сууну үнөмдөө, кайтаруу иштерин колго алып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат, деп ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2221