Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат
RU

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 28-29-июнда расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Мындай маалымат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына чыккан.

Тараптар кайсы маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандыгы белгисиз. Садыр Жапаровдун администрациясы жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, бул Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон алгачкы иш сапары. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен да биринчи ирет жүз көрүшөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт учурунда эки өлкөнүн президенттери телефон аркылуу гана сүйлөшүп, Душанбе шаарында жолугушууна макулдашышкан.

Эске салсак, 28-апрелден 1-майга чейин чек арадагы конфликттин айынан кыргыз тараптан жүздөгөн жаран жабыркап, 36 киши анын ичинде эки бала каза болгон. Тажикстан 19 киши каза болгонун билдирип, анын ичинен 9у аскер кызматкери, 10у жөнөкөй жарандар экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2222