Лейлекте ыктыярчылар Тажикстандан келаткан аялдардын тобун кармашты
RU

Лейлекте ыктыярчылар Тажикстандан келаткан аялдардын тобун кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Лейлек районунда ыктыярчылар Тажикстандан келаткан аялдарды кармашты. Алар КРдин чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине элдик ыктыярчылар тобу кабарлашкан.

Алардын айтымында, бир нече аял Кулунду айыл аймагынын талааларында иштешкен.

"Биз аларды Ак-Арык айылында кармаганбыз. Кыргызстандын жараны "Портерине" салып алып келген экен. Тажикстандык аялдар жыл сайын кыргыз айылдарына келип иштеп акча табышат. Бирок быйыл, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан кийин чек ара толугу менен жабылган. Тажикстан байкабай чек арадан өтүп кеткен болсо да кыргызстандыктарды камакка алышат. Ал эми биздин милиция бардыгына көзүн жума берет", - деп элдик ыктыярчылар агенттикке айтып беришкен.

Баткендин ОИИБси маалымат такталып жатат деп билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасы 24 майдан бери жабык, авиакаттамдар да токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2224