Садыр Жапаров расмий иш сапарлары менен Түркмөнстанга жана Тажикстанга барат
RU

Садыр Жапаров расмий иш сапарлары менен Түркмөнстанга жана Тажикстанга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрүндө расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Мындай маалыматты президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү берди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасына барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат, деп бидирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2225