Түркия өзүнүн вакцинасын Кыргызстанда сынап көрөт
RU

Түркия өзүнүн вакцинасын Кыргызстанда сынап көрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк коронавирусуна каршы эмдөөнүн үчүнчү этабы башталганын жарыялады.

Эрдогандын айтымында, түрк коронавирусуна каршы вакцина Turcovac деп аталат.

"Коронавируска каршы ата мекендик вакцинаны сыноонун үчүнчү этабы менен Түркия бул жаатта жаңы баракты ачат" деди Эрдоган.

Режеп Тайып Эрдоган ошондой эле Түркияда бир нече жуманын ичинде коронавируска каршы эмдөө процесси 18 жаштан жогорку калкты толугу менен камтый тургандыгын белгиледи.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустук инфекцияга каршы Turcovac түрк вакцинасы боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабы Кыргызстанда дагы боло тургандыгын билдирди.

"Изилдөөнүн үчүнчү этабына 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Тест Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда өтөт. Изилдөөгө башка өлкөлөрдү кошуунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди министр.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2229