Жүк ташыган машине дарыяга кулап түштү. Куткаруучулар үч кишини таппай жатышат
RU

Жүк ташыган машине дарыяга кулап түштү. Куткаруучулар үч кишини таппай жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылында жүк ташыган машине сууга түшүп кеткен. Бир үй бүлөдөн үч киши жок. Бул тууралуу Kаktus.media редакциясына жергиликтүү тургундар айтып беришти.

Алардын айтымында, кечээ, 24-июнда, "Хендай Портер" дарыяга түшүп кеткен. Салондо беш киши бар болчу. Экөөсү жээкке сүзүп чыгышкан, ал эми үчөө азыркыга чейин табыла элек.

Куткаруучулар жээкке сүзүп чыккан кишинин келинчегин, карындашын жана кызын издеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2240