Бабановдун иши. Тергөө Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаровду суракка чакырышы керек
RU

Бабановдун иши. Тергөө Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаровду суракка чакырышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ бир маалымат сайтында вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун аты жазылган 2009-жылдын документтеринин сүрөтү жарыяланды. Тактап айтканда, документке ошондо премьер-министр болуп турган Игорь Чудинов кол коюп, анын колунун астында Бабановдун аты жазылган, бирок колу коюлган эмес. Ал эми өкмөт аппаратынын өзүнчө макулдашуу баракчасында Бабановдун колу бар.

Kаktus.media редакциясы Өмүрбек Бабановдун жактоочусу Амантур Абдырахманов менен байланышка чыгып, ал Бабановду 2012-жыл боюнча айыптап жатышса, ага 2009-жылдагы документтин кандай тийешеси бар экенине жооп алды.

"Сиз туура айтасыз. Өмүрбек Бабановду 2009-жылдагы эмес, 2012-жылдагы далилденбеген шектенүү боюнча кармашты. Мурдагы күнү, 23-июнда, биринчи жолу Бабановдун катышуусу менен сурак өттү. Так ошол суракта ага ошол документти көрсөтүшүп, суроо беришти.

Дароо эле айтып коёюн, Бабанов келишимге кол койгон эмес! Ал Кумтөр менен кандайдыр-бир келишим, же башка документтерге кол койгон эмес. Премьер Чудиновдун колу коюлган токтом долбоорунда анын колу жок экени көрүнүп турат. Эмнегедир Бабановдун колу өкмөт аппаратынын өзүнчө макулдашуу баракчасына коюлган. Бирок, өкмөт аппаратынын регламенти боюнча, ал жерге кол ага өкмөт мүчөлөрү, тактап айтканда, профилдүү министрлер колун койгондон кийин гана коюлат.

Жарыяланган скан-көчүрмөлөрүндө башкы баракча жетишпейт – документте баардык министрлер кол койгон өкмөт мүчөлөрүнүн макулдашуу баракчасы жетишпейт. Ал баракчага Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Каржы министрлиги, Өзгөчө кырдаал министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Юстиция министрлиги сыяктуу профилдүү мекемелердин жетекчилери кол коюшат, себеби булар ал маселе боюнча корутундусун бериши керек", – дейт Бабановдун жактоочусу.

Бул документтерге кол коюлуп жатканда төмонкүлөр профилдик министрликтердин жетекчилери болушчу:

  • Экономикалык өнүгүү жана соода министри – Акылбек Жапаров;
  • Каржы министри – Марат Султанов;
  • Өзгөчө кырдаал министри – Камчыбек Ташиев;
  • Юстиция министри – Нурлан Турсункулов;
  • Мамгеология министри – Капар Курманалиев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2242