Өмүрбек Бабановдун адвокаты КТРК жана ЭлТР боюнча арызданды
RU

Өмүрбек Бабановдун адвокаты КТРК жана ЭлТР боюнча арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов ЖМКларга карата даттануулар боюнча комиссияга КТРК жана "ЭлТР" КТРКсынын окуялары боюнча арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Фейсбуктагы комиссиянын баракчасында маалымдалат.

Билдирүүдө журналисттер "рейдерлик басып алуулардан улам арам жол менен эбегейсиз байлык топтогон" деп көрөрмандардын арасында саясатчынын образын каралоо максатында текшерилбеген жана атайылап такталбаган маалыматтарды жайылтып жатканы айтылат.

Арызда ошондой эле ЭлТР "Бабановго эч кандай тиешеси жок коммерциялык уюмдарды жана жер тилкелерин таандык кылган" деп айтылат. Арыз ээси коомчулукка жарыяланган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылат.

Комиссия бул арызды кийинки отурумда карайт.

Эскерте кетсек, 31-майда Өмүрбек Бабанов Кумтөрдөгү коррупциялык иш боюнча сотко чейинки тергөөнүн алкагында күбө катары УКМКга суракка чакырылган. Бабанов келүү убадасына кол койду. Бирок тергөө ага эки суткага камакка алуу протоколун берген.

2-июнда Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов сот отурумун коомчулуктан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан жабык өткөрүп, Бабановду эки айга УКМКнын абагына камаган.

Өмүрбек Бабановдун кармалышы коомдук нааразычылыкты жаратууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2261