Джульетта Базеян: Бирдиктүүлүк жана күчтүү лидерлер – "Эмгек" партиясынын артыкчылыгы
RU

Джульетта Базеян: Бирдиктүүлүк жана күчтүү лидерлер – "Эмгек" партиясынын артыкчылыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эмгек" саясий партиясында жаш талапкерлер арбын. Алар ар кыл тармактагы ишмердүүлүктү аркалашат. Ар бири өз ишинде артыкчылыктуу жана өз ишин мыкты билишет. Джульетта Базеян 25 жашында дарыгерлик кесибине ээ болуп, билимин, тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүүгө да жетишүүдө. Бишкек шаардык кеңешине депутат болуу менен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын кризистен чыгарып, калктуу конуштарды өнүктүрүүгө салымын кошкусу келет.

Джульетта Базеян бизге "Эмгек" партиясы аны эмнеси менен кызыктырганын, жаш дарыгерлер эмне үчүн Кыргызстанды таштап чыгып кетип жатканын жана жаңы конуштардын жашоочулары өз көйгөйлөрүн кантип чечип жатышканын айтып берди.

- Сиз, биздин саясаттагы жаңы жүздөрдүн бирисиз. Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Чоң энем медайым болгон. Апам дарыгерлик кесипти окуган жана мен дагы кичинекей чагымда дарыгер болууну кыялданчумун. 6-классымда эле медициналык академияга тапшырарымды билчүмүн. Окуумду бүтүрүп, бир жылдан бери "Салымбеков университетинде" анатомия предметинен сабак берем. Ишимди жан дилим менен аткарам. Биздин окуу жай акыркы техникалар менен жабдылган заманбап мекеме. Айрым жабдууларабыз Кыргызстанда жокко эсе.

Жетекчилигибиз ачык жана ынтызарлуу. Ар бир кызматкер өз ишин сапаттуу жасайт.

Ошону менен бирге эле Улуттук онкология борборунда ординатурадан өтүүдөмүн.

- Депутаттыкка талапкер болууга бир топ жаш экенсиз. БШКга аттанууңузга эмне түрткү болду?

- Борбор калаага жана шаар тургундарына жардам бергим келди. Өзүм "Кара-Жыгачта" турам. Бир кездерде бул жаңы конуштун көйгөйлөрү көп болуп, аны тургундар өзүлөрү каражат чогултуу менен чечип алышкан. Шаар өсүп жатат. Баарынын эле элиталык батирлерге каражаты жетпегендиктен жаңы калктуу конуштар пайда болууда. Ал жактарда коомдук транспорт, мектеп, бала бакча, көчө жарыгы, канализация жана тротуарлар деген нерселер жок. Ошол эле "Кара-Жыгачтын" жашоочуларына өзүлөрү аракет кылуусуна туура келет. Ошондуктан шаардык кеңеш жаңы конуштарды өнүктүрүү долбоорлорун жарым-жартылай болсо да, колдоого алса жакшы болмок.

Мага жакын болгон медицина тармагындагы маселелерди айтып отурса сөз көп. Кыргызстандагы дарыгерлердин эмгек шарттары мышык ыйлаарлык. Көптөгөн ооруканалардагы жабдуулар моралдык жактан дагы, физикалык жактан дагы абдан эскирген. Ошол эле маалда врачтар менен хирургдарды квалификациялоонун деңгээли өтө жогору.

Көптөгөн менин курсташтарым билим алуу үчүн чет жерге кетишип, ал жактан кайтууну каалашпайт. Чет жерде айлык акы бизге караганда алда канча жогору. Медиктерди турак-жай менен ал эми алардын балдарын бала бакча, мектеп менен камсыз кылып беришет. Биздин медицинаны сынга алып жаткан айрым адамдардын да өз чындыгы бар. Кыргызстанда мыкты медициналык тейлөө колунда бар адамдарга гана жеткиликтүү. Ал эми жөнөкөй жарандар үчүн керек болсо диагностика кылуу да чөнтөгүнө оорчулук келтирет.

Билим берүү тармагында болсо окутуучулар жетишпейт. Алардын азы гана кичинекей айлык акы үчүн иштөөгө даяр. Кол жетерлик бала бакчалар аз санда гана бар. Ал эми жеке менчик мекемелер абдан эле кымбат. Мектептерде орун жок. Бардык эле балдар жашаган жеринин каттоосу боюнча окуй албагандыктан, алыс жактарга барып окуп келүүгө туура келет. Борбор калаадагы мектептердин санын көбөйтүү жана алардын билим берүү сапатын жогорулатуу керек. Мектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы акысыз билим алуу сөз боюнча эле калууда. Сапаттуу мекемеде билим алуу үчүн ошончолук көп каражат сарптаганга туура келет.

Шаардык кеңешке келип калсам ушул маселелердин баарын чечүүгө аракет жасайм. Эң негизгиси каалоо болсо мүмкүнчүлүктөр түзүлө берет. Меникиндей күчтүү партиялаштар менен бул нерселер сөзсүз ишке ашат деп ишенемин.

- Сиз өзүңүз чет жерге кетүүнү ойлондуңуз беле?

- Жок. Бул жерден эле жаңылыктарды киргизүүнү каалайм. БШКга барып шаарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошууну ойлонуп жүрөм. Ал эми медик катары клиника ачып, мамлекеттик мекемелер менен кызматташууну каалайм. Кызматташуум дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кыргыз медицинасынын аброюн көтөрүү болуп саналат.

- "Эмгек" партиясына кантип келип калдыңыз?

- 18 жашымда партиянын үгүттөөчүсү болчумун. Партия ошол маалда Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып, анын уюштуруу иштеринин мыкты жүргүзүлгөнүнө суктанганым эсимде. Кампаниясын ачык-айкын өткөрүп, жакшы жыйынтыктарды көргөзүп туруп, партия парламентке өтпөй калды эле. Абдан кабатыр болдум эле ошондо. Партия үчүн болгон таарыныч көпкө чейин көкүрөгүмдөн өчпөй жүрдү.

Ушул жылдын февраль айында "Эмгек" партиясынын БШКга катышып жатканын билип кубануу менен дароо штабга бардым. Талапкер болууну пландаган эмесмин. Бирок, сунуш түшкөндө дароо макул болдум. Мага "Эмгектин" идеясы менен программасы абдан жагат. Партиянын репутациясы бүгүнкү күнгө чейин таза.

- Жазгы кампаниядагы кайсы иш-чара көбүрөөк эсиңизде калды?

- Шайлоочулар менен болгон жолугушуу. Алардын биздин партия жөнүндө кабардар экендиги, ишеним арткандары көрүнүп турду. Көбү өз маселелерин айтып, биздин программага кызыгып жатышты. Биздин программада экология, транспорт жана жаңы конуштарды өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүнгөндүктөн ал Бишкек шаарынын тургундарына жагат.

- 11-апрелдеги шайлоодо "Эмгек" партиясы эмненин негизинде жеңишке жетти?

- Калк менен болгон масштабдуу үгүттөө иштеринин натыйжасында жеңишке жетти. Ар бир талапкер жеңиш үчүн өз эмгегин жумшады. Мындай кесипкөй адистердин чоң командасы жапа тырмак ишке киришкенде албетте жеңиш алардыкы болот.

Ар бир оюнда, анын ичинде саясий оюнда эрежелерди сактоо, чынчыл болуу жана атаандаштыкка туруштук бере билишиң керек. Тилекке каршы өткөн шайлоодо айрым партиялардын татыктуу теңтайлашууга кудурети жеткен жок. Алар арзыбас интрига жана каралоо жолу менен жеңишке жетүүгө аракет жасашты.

Биздин азыр да жеңишке жетерибизге ишенем. Биздин сырыбыз бирдиктүүлүктө, күчтүү лидерлеризде жана мазмундуу, кеңири программабызда (бул бизде гана бар). Бардык талапкерлер ар тараптан өнүккөн. Ар биринин өз көз карашы жана шаарды өнүктүрүү боюнча планы бар. Биз бири-бирибизди гармониялуу түрдө толуктап турабыз.

"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 28.06.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2278