Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду
RU

Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Садыр Жапаровду коштогон кортеж "Улут сарайына" келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин - Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталып, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон "Улут сарайына" тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2292