Президент Садыр Жапаров Душанбе шаарындагы Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду
RU

Президент Садыр Жапаров Душанбе шаарындагы Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Мындай маалыматты президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү берди.

Белгилүу болгондой, тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун "Дусти" аянтына орнотулган.

Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2293