Парламенттин спикери Талант Мамытовду ооруканага жаткырышты
RU

Парламенттин спикери Талант Мамытовду ооруканага жаткырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугунун абалы начарлагынына байланыштуу изоляцияда болчу. Ал эми 28-июндан бери клиникалык ооруканага стационарга жаткан. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Мамытовдун абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Андан тышкары, бүгүнкү күндө, Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринде, анын ичинде спикердин кабылдамасында иштегендерде COVID-19 аныкталган. Ошол эле учурда спикердин диагнозу айтылган жок.

Коронавирус инфекциясын андан ары жайылуусун алдын алуу үчүн ЖКнын 36 кызматкери аралыктан иштөө режимине өтүштү, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2312