Жалал-Абад облусунда 6 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты
RU

Жалал-Абад облусунда 6 жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад ОИИБнин жана Сузак РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун 6 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБсинин басма сөз кызматы таратты.

Белгилүү болгондой, алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 10 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле 6 айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо

кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда облус аймагында ЭММКАК багытында 551 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 491 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2313